Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Алматы, Жаңы-Өзөн жана Орол шаарларында өткөн нааразылык акциясын чагылдырган журналист, блогерлердин кармалышына тынчсыздануусун билдирди.
"Кесиптик милдетин аткарып жүргөн журналисттердин жана блогерлердин кыска убакытка кармалып коё берилгенине тынчсызданып турам" - деп айтылат Дезирдин шаршембиде жарыяланган билдирүүсүндө. Ал "Социалдык көйгөйдөн улам нааразылык акцияларына чыккандардын үнүн коомго жеткирүү журналисттин маанилүү милдети – алар өз иши үчүн жазаланбашы керек" деп кошумчалады.
ЕККУнун өкүлүнүн билдирүүсүндө айтылгандай, 27-февралда Жаңы-Өзөндө "Азаттыктын" кабарчылары Сания Тойкен жана видео оператор Санат Нурбек кармалган. Аларды шаардык полицияда алты саат суракка алышып, анан коё беришкен. 27-февралда Алматыда блогер Асхат Берсалимов, Оролдо блогер Аскар Шайгумаров кармалган.
Дезирдин билдирүүсүндө белгиленгендей, Казакстанда соңку кезде журналисттерди негизсиз кармоо көнүмүшкө айланып баратат.