Кашмирдеги кырдаалдан улам айрым авиакаттамдар токтоду

Баңкок аэропортунда учак күткөн жүргүнчүлөр, 28-февраль, 2019-жыл.

Пакистан-Индия жаңжалы бир катар эл аралык каттамдарга кедергисин тийгизди.

Таиланддын авиакомпаниясынын миңдеген жүргүнчүлөрү Бангкоктон Пакистанга жана Европага уча албай турушат.

Жаңжалга байланыштуу Пакистандын аба мейкиндиги жабылган. Ошондон соң “Эмирейтс” жана "Катар аба жолдору" компанияларынын авиакаттамдары бул өлкөгө учканын токтотконун жарыялашкан.

Жаңжалдан улам Азиянын түштүк-чыгышына Тажикстан, Пакистан аркылуу өткөн орус, немис жана башка компаниялардын каттамдары да токтогон.

27-февралда Нью-Дели менен Исламабад бири-биринин аскер учактарын атып түшүргөнү белгилүү болгон. Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу Кашмир аймагында кырдаал курч бойдон турат.