Курулушта алданган үлүшчүлөрдүн маселеси талкууланат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 26-февралда Бишкекте курулуш тармагында алданган үлүшчүлөрдүн маселеси талкууланат. Жыйын «Плаза» мейманканасында өтөт. Үлүшчүлөр менен депутаттар жолугушат.

Кыргызстанда акыркы жылдары курулуш компанияларына акчасын алдын-ала берип, бирок батир ала албай жүргөн жарандардын катары калыңдап баратат. Буга чейин алданган үлүшчүлөрдүн маселеси Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова үлүшчүлөрдү коргош үчүн мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылган. Ал эми вице-премьер-министр Жениш Разаков маселени көзөмөлгө алууга убада бергени менен конкреттүү аракеттер байкала элек.

КСПД фракциясынын депутаты Марат Аманкулов турак жай курулушундагы үлүшчүлөр туш болгон маселени өкмөт карабай жатканын айтып, сындады.

«Азаттык» радиосу да бул маселе боюнча «Турак жай курулушундагы афера» деп аталган иликтөө даярдаган. (КЕ)