Лос-Анжелесте "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрүн аныктоо салтанаты өтүп жатат. Бир катар телеканалдар аны “Долби” театрынан түз алып көрсөтүүдө. Анда алгачкы жеңүүчүлөрдүн аты атала баштады. Режиссер Питер Фореллинин "Жашыл китеби" ("Green Book") "Жылдын эң мыкты тасмасы" деп табылды.
"Богемия рапсодиясы" тасмасында ойногон ролу үчүн актер Рами Малек мыкты аталса, "Фаворитка" тасмасында ойногон Оливия Колман "Мыкты актриса" катары "Оскар" сыйлыгына татыды. Ал эми "Рома" (Мексика) "Эң мыкты чет элдик тасма" деп табылды. "Эң мыкты музыкалык жасалгалоо" "Кара кабылан" тасмасына берилди. "Эң мыкты режиссер" номинациясын "Рома" тасмасы үчүн Альфонсо Куарон алды. Леди Гага "Жылдыздын төрөлүшү" фильминин саундтреги "Shallow" чыгармасы үчүн "Оскар" алды.
Кино тармагындагы эң абройлуу “Оскар” сыйлыгын жыл сайын АКШнын Кинематография, искусство жана илим академиясы ыйгарат. Сыйлык 1929-жылы негизделген. Кино жаатында мыктыларды аныктоо быйыл 91-жылы өтүп жатат. (КE)