Трамп кытай азыктарына бажы төлөмүн жогорулатуу мөөнөтүн жылдырды

АКШ менен Кытайдын желектери. Бээжин, 8-ноябрь, 2017-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп кытай азыктарына карата бажы төлөмүн көтөрүүнүн мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну чечкенин жекшемби күнү билдирди. Бул соода тармагында талашты жөнгө салуу боюнча Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөргө байланыштуу экени айтылды. Бул тууралуу Трамп "Твиттерге" жазды.

“Жемиштүү сүйлөшүүлөрдөн кийин Кытай азыктарына 1-марттан тартып киргизиле турган бажы төлөмдөрүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алдым” деп жазган Трамп.

Вашингтон администрациясынын башчысы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен Флорида штатында жолугууну көздөп жатканын, макулдашуу жетишилсе соода келишими түзүлөөрүн билдирген.

Буга чейин АКШнын финансы министри Стивен Мнучин Вашингтондо 19-февралда башталган Кытай-АКШ соода консультациясы жекшемби күнгө чейин узартылганын билдирген.

АКШ жана Кытай тариф көтөрүүнү токтотуп турууну макулдашканы эки өлкөнүн президенттери Дональд Трамп менен Си Цзиньпин декабрдын башында Аргентинада өтчү “Чоң жыйырманын” саммитинде жолугушкандан кийин айтылган.