Иран суу астындагы кемеден ракета учурду

Иран Хормуз кысыгындагы деңиз аскерлеринин машыгуусу маалында суу астындагы кемеден канаттуу ракета учурду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. 24-февраль күнкү сыноо Тегеран менен Вашингтон ортосундагы мамилелер курчуп турган кезге туура келүүдө.

Буга чейин Иран АКШнын кас аракеттерине жооп кайтарып Перси булуңундагы мунай ташуучу негизги кысыкты тосмолоорун эскерткен.

ИРНА агенттиги ирандык кеме канаттуу ракетаны ийгиликтүү учурганын кабарлады, бирок алыстыгы тууралуу айтылган жок. Ирандын маалымат каражаттары суу астындагы кемеден канаттуу ракета биринчи жолу атылганын белгилешет.

ИРНАнын дагы бир маалыматына караганда, суу астындагы үч кеменин ошондой даремети бар.

Тегеран аскердик кубатын арттырып, бул чөйрөдө алга кадам таштап жатканын улам айтып келет. Бирок Батыштагы эксперттердин көбү мындай ырастоолор чындыкка коошпойт, пропаганда үчүн эле жасалып жатат дешет.

Өткөн жылдын май айында АКШ президенти Дональд Трамп 2015-жылы Иран менен дүйнөлүк державалар Тегерандын атомдук программасы боюнча түзгөн ири келишимден чыккан жана Ислам жумуриятына каршы санкцияларды калыбына келтирген. Трамп ал кадамын макулдашууга Ирандын баллистикалык ракета программасынын киргизилбей калганы жана башка себептер менен түшүндүргөн.

Иран акыркы кездерде баллистикалык ракета программасын кеңейткен.