Өзбекстан бир туугандын балдарына никелешүүгө тыюу салат

Иллюстрация.

Өзбекстан бир туугандын балдарынын баш кошуусуна тыюу салууну көздөп жатат. Буга байланыштуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мыйзам долбоорун даярдаганын "Podrobno.uz" сайты жазып чыкты. Буга байланыштуу Үй-бүлө кодексинин 16-беренесине толуктоо киргизилет.

Бүгүнкү күндө болочок жубайлардын бири психикалык жактан оорулуу болсо же башка никеси болсо күбөлүк берилбейт. Ошондой эле жакын туугандар, эже-карындаш, ага-ини, асырап алган балдары менен баш кошууга тыюу салынган.

Эми бул тизмеге "эки бир туугандын балдары баш кошо албайт" деген жобо киргени жатат.

Өзбекстанда мыйзам боюнча нике курагы эркектер үчүн 18, кыздар үчүн 17 жаш деп белгиленген.