​Молдовада парламенттик шайлоо өтөт

Кишинёв, 21-февраль, 2019

Бүгүн, 24-февралда молдовалыктар парламент депутаттарын шайлашат. Шайлоого 15 саясий партия жана 320 бир мандаттуу талапкер катышууда. Шайлоочулар төрт жылдык мөөнөткө 101 депутатты шайлашы керек. Парламенттик көпчүлүк келечектеги өкмөттүн курамын аныктайт.

Буга чейин өткөрүлгөн социалдык сурамжылоо көрсөткөндөй, парламентке үч партия келиши мүмкүн. Алар: Социалисттик партия (20%), Мая Санду башында турган ACUM оппозициялык блогу (12%) жана олигарх Влад Плахотнюк башында турган Демократиялык партия (9%).

Добуш берүү биринчи жолу аралаш добуш берүү системасы аркылуу жүрөт. Бул элүү депутат партия системасы, 51и бир мандаттуу аймактан шайланат дегенди билдирет. Алгычкы жолу шайлооканаларга видеокөзөмөл орнотулду. Жалпысынан 2141 шайлоо участогу ачылат. Мунун ичинде 123ү чет өлкөдө болот.