Венесуэла менен Бразилиянын чек арасында кан төгүлдү

Венесуэла менен Бразилиянын чек арасындагы көрүнүш. 22февраль, 2019

Венесуэла менен Бразилиянын чек арасында алгачкы жолу кан төгүлгөн окуя катталды. Маалыматка караганда, жума күнү чек арага жакын Кумаракапаи айылын Венесуэланын аскерлери курчап алган. Оппозиция чек араны жабууга каршы аскердик автоколоннанын жолун торогонун Reuter агенттиги жазды.

Жоокерлер гуманитардык жардамдын киришине каршы болуп, ок чыгарып, 12 киши жараат алды. 42 жаштагы аял окко учуп, күйөөсүнүн абалы оор экени кабарланды. Окуядан кийин үч аскердин дайыны чыкпай калган, айрым маалыматтарга караганда аларды уурдап кетишкен.

Кумаракапаи айылынын тургундары оппозициялык лидер, өзүн президент деп атаган Хуан Гуайдону колдоп жатышат. Гуайдо Венесуэлага гуманитардык жардам алып кирүүнү жактоодо.

Өлкөнүн президенти Николас Мадуро чек араны жабууну колдойт жана АКШдан келген гумжардамды өлкөгө киргизүүгө каршы болууда.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгы 2015-жылдан бери 2,7 млн. киши Венесуэладан чыгып кеткенин кабарлаган. 2018-жылы бул өлкөдөн күн сайын беш миңдей киши качууга аргасыз болгону докладда көрсөтүлгөн.