Вашингтон: Сирияда АКШнын 200дөй аскери калат  

АКШнын Сириядагы аскерлери.

Америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин Сирияда кайсы бир убакытка чейин 200 жоокерден турган "анча чоң эмес тынчтык орнотуучу топ" калат.

Бул тууралуу бейшембиде Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирип, муну "Сириядагы тынчтыкты коргоо аракети" катары түшүндүрдү.

АКШнын президенти Дональд Трамптын бул чечими бейшембинин кечинде ал түркиялык кесиптеши Режеп Тайып Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болду.

Мындай кадам АКШнын эл аралык коалициядагы европалык өнөктөштөрүнө да Сирияда жүздөгөн аскерлерин калтырууга шарт түзөт.

Азырынча америкалык 200 аскер Сирияда канча убакыт болоору жана кайсы жерде жайгашаары белгисиз.

АКШнын президенти Трамп америкалык аскерлер Сириядан чыгарыла турганын өткөн жылдын аягында жарыялаган.

Трамптын бул чечимине каршылык иретинде коргоо министри Жеймс Мэттис, анын артынан Пентагондун бир катар кызматкерлери кызматтан кеткен.

Трамптын оппоненттери америкалык аскерлерди Сириядан шашылыш чыгаруу өлкө чыгышында радикал исламчылар менен күрөшкөн куралдуу күрт отряддарын коркунучка кептейт деген жүйө келтиришкен.

Түркия Сирияда жергиликтүү күрттөргө каршы аскердик операция даярдап жатканын бир нече жолу жарыялаган. Анкара күрттөрдү "террорчулукту колдойт" деп айыптап жүрөт.