Чудуев: Буга чейин картөшкөдөн курт чыкканы эскертилген эмес

Иллюстрациялык сүрөт.

Картөшкө боюнча Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги Казакстанга кат жөнөтөт. Казакстан бул маселени саясатка айлантып жатат. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Эркинбек Чудуев билдирди:

- Буга чейин "картөшкөдөн курт чыкты" деген бир да эскертүү болгон эмес, нота берилген эмес. Азыр картөшкө чыга турган убакта ушундай чечим чыгарууда. Казакстан бул маселени саясатка айландырып жатат.

Бүгүн Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги, министрликтин карантин департаменти, ошондой эле Экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын өкүлдөрү басма сөз жыйынын уюштуруп, Казакстан Кыргызстандан азык-түлүк алып кирүүгө тыюу салгандыгы тууралуу маалымат берди.

Экспортерлор жана импортерлор ассоциациясынын жетекчиси Линара Ниязбекова учурда 200 миң тоннага жакын картөшкө сатылбай турганын айтты. Бирок Айыл чарба министрлик сатылбай турган картөшкөнүн көлөмү 200 миң эмес, 50 миң тоннаны түзөрүн айтууда. Ал эми сатылбай турган алманын көлөмү 10 миң тоннага жетери кабарланууда.

Казакстан Кыргызстандан жана Өзбекстандан азык-түлүк алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу 19-февралда Казакстандын Айыл чарба министрлиги кабарлады. Фитосанитардык чектөө Кыргызстандын картөшкөсүнө, алмасына, курмасына, Өзбекстандын анарына коюлду.

Казак тарап мындай чечимди эки өлкөдөн келип жаткан азыктардан карантинге алынган курттар (Комсток - Pseudococcus comstocki (Kuwana), нематод Globodera rostochiensis (Wollenweber) чыгып жатканы менен негиздеген.

2018-жылы Кыргызстанда 84,4 миң гектар аянтка картөшкө айдалган. Натыйжада жалпы 1,5 миллион тонна картөшкө өндүрүлгөн. Быйыл 81 миң гектар картөшкө эгилет деп эсептелди. (KR/KE)