Нидерланд бийлиги: Тажикстан Шарофиддин Гадоев кармалганын ырастады

Шарофиддин Гадоев

Европада бозгунда жүрүп, өткөн жумада Дүйшөмбүгө "өз эрки менен кайтып келгени" айтылган тажик оппозиционери камакка алынганы кабарланууда.

Нидерланд бийлиги Тажикстан аларга Шарофиддин Гадоев кармалганы тууралуу маалымат беришкенин билдирди.

- Тажик бийлиги Нидерланддын Тышкы иштер министрлигине Гадоев мырза Тажикстанда экенин жана кылмыштуу ишмердиги боюнча камакка алынганын ырастады. Азыркы учурда Гадоевге кандайдыр бир жардам берүү жолдору караштырылууда, - деди “Азаттыктын” тажик кызматына Нидерланддын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Виллеман Вельдман.

Тажик оппозициясы менен укук коргоочулардын тынчсызданууларынан улам Шарофиддин Гадоевдин Дүйшөмбүгө кайтып келиши боюнча Нидерланд бийлиги да иликтөө баштаган. Гадоев бул өлкөдө туруктуу жашоо уруксат алган.

Ал эми бир аз мурдарак Тажикстандын Ички иштер министрлигинин атын атабаган кызматкери Гадоев кармалганын четке каккан.

- Гадоевдин иши мунапыс берүү өтүнүчүнүн негизинде каралып жатат. Буга, албетте, бир канча күн убакыт кетет. Азыркы учурда Шарофиддин Гадоев кармалган жок. Бирок ал белгилүү бир сааттарда тиешелүү органдарга маектешүүгө келүүгө милдеттүү.

Тажик оппозиционердин энеси Ойшамох Абдуллоеванын 21-февралда “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, уулу Шарофиддин Гадоев үйүнө бир күн түнөгөндөн кийин, 20-февралда кечинде аны кайра алып кетишкен. Ага бийлик өкүлдөрү уулу жакында бошотула турганын айтышкан, бирок азыр анын кайда экенин билбейт.

Оппозиционердин адвокаты Нидерландда туруктуу жашаган Гадоев Тажикстанга келгенге чейин өткөн жумада Орусиянын бийликтери тарабынан кармалганын билдирүүдө.

Коңшу өлкөнүн бийлиги оппозициялык “Группа-24” тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири саналган Шарофиддин Гадоев Тажикстанга 15-февралда өз ыктыяры менен келип, Дүйшөмбүнүн эл аралык аба бекетинде милицияга багынып бергенин билдирген. Бирок тажик оппозициясы менен укук коргоочулар буга ишенбей жатат.