Баткенде шифер чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Баткен. Шифер заводунун пайдубалын түптөө.

Баткенде шифер чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” 21-февралда өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү кабарлады.

21-февралда Кызыл-Кыя шаарында түстүү шифер чыгаруучу өнөр жай ишканасынын курулушуна капсула ташталды. Заводду курууга кыргызстандык инвесторлор 350 млн. сомдон ашуун инвестиция жумшайт. Ишкананы курууга 4 гектар жер узак мөөнөткө пайдаланууга берилген.

Завод ушул жылдын экинчи жарымына карата толугу менен пайдаланууга берилет. Ал ишке киришсе жылына 3 млн. даана шифер чыгаруу менен 120 жумуш орду түзүлмөкчү. Облус жетекчилиги өндүрүлгөн шиферди Баткен облусунун аймагына эле эмес, кошуна Тажикстан менен Өзбекстандын аймагына да экспорттоо мүмкүнчүлүгү кеңири экенин билдирди. (JsA)