УКМК Токтакуновду каралоо аракеттерине тиешеси жок экенин билдирди

УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновду каралаган маалыматтарга тиешеси жок экенин «Азаттыкка» билдирди. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» жооп берип жатып:

- Учурда өздөрүнүн аброюн көтөрүш үчүн УКМКнын атын жамынган тараптар көбөйдү. Алардын бири катары Нурбек Токтакуновдун билдирүүсүн сыпаттасак болот. Атайын кызматты Токтакунов эч качан кызыктырган эмес жана кызыктырбайт. УКМКнын мойнуна тагылган башка бир катар маанилүү милдеттер бар. Учурда УКМК ошол милдеттерди аткарып жатат, - деп билдирди.

«Фейсбукка» мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакуновдун аброюна шек келтирген видео жарыяланган.
Адвокат муну УКМК атайын жасаганын айтып чыккан. Жарандык коом «адамдын жеке жашоосуна чейин кийлигишип, анын беделин түшүрүүгө аракет кылып жатат» деп бийликти сындап чыккан. (KR)