АКШнын башкы прокурору Уильям Барр келерки аптада 2016-жылкы президенттик шайлоодо Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсү боюнча иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашы мүмкүн.
Бул тууралуу CNN телеканалы өз булактарына таянуу менен кабарлады. Алардын маалыматына караганда, Барр андан кийин тергөө жөнүндө Конгрессте жашыруун отчёт берет.
CNN белгилегендей, отчеттун мөөнөтү АКШ президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын жолугушуусуна байланыштуу өзгөрүп кетиши мүмкүн. Эки өлкөнүн лидерлеринин саммити 27-28-февралда Вьетнамда өтүшү күтүлүүдө.
АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсү боюнча иликтөө 2017-жылдан бери жүрүп келатат. Атайын прокурор Роберт Мюллер «Трамптын штабы өзүнүн атаандашы Хиллари Клинтондун позициясын бөлүп-жарыш үчүн Кремль менен сүйлөшүү жүргүзгөнбү?» деген суроого жооп издейт.
Буга чейинки дооматтарды Кремль да, Трамп өзү да четке кагып келген. (ErN)