Президент Баткенде чек ара заставасынын жаңы имаратын ачты

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев. Чек ара заставасынын ачылышы. 20-февраль, 2019-жыл.

20-февралда, Баткен облусунун Кадамжай районунун Өтүкчү айылында жайгашкан “Факел” чек ара заставасынын жаңы курулган имараты ачылды. Ачылыш аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты.

Президенттик аппарат билдиргендей, мамлекет башчы чек арачылардын ишин жогору баалап, аларга татыктуу шарт түзүп бериш үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдүн баарын жумшап жатканын билдирди. Ал бир катар чек ара инфраструктусы жана объектилер, алардын арасында заставалар, посттор жана имараттар курулганын белгиледи.

Салтанатка Орусиянын өкүлдөрү да катышты.

«Өтүкчү» чек ара заставасынын курулушу Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында бүткөрүлгөн. Ушул эле документтин негизинде 15-январда орус тарап Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматына 125 жаңы автоунаа өткөрүп берген.​ (ErN)