Ошто "Алай" клубу өз талаасында “Ахал” командасына утулду

Оштогу футбол. Кыргызстан менен Түркмөнстандын командалары.

Бүгүн, 20-февралда Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы борбордук стадиондо “Алай” командасы Түркмөнстандын вице-чемпиону “Ахал” клубун кабыл алды. Оштун мэриясы кабарлагандай, бул мелдеш 2019-АФК кубогунун тайпалык баскычына тандоо турунун алкагында өткөрүлдү.

Мелдештин 20-мүнөтүндө “Ахал” командасынын оюнчулары гол киргизип, 0:1 эсебинде алдыга чыгышты.

Андан ары “Алай” командасынын оюнчусу Элдияр Сардарбеков беттештин 36-мүнөтүндө коноктордун дарбазасына гол киргизип, эсепти теңеди. Арадан көп өтпөй “Ахал” командасынын оюнчулары эсепти 1:2 кылып өзгөрттү.

Ал эми мелдештин 2-таймында эсеп өзгөрбөй, 1:2 эсебинде “Ахал” командасы жеңишке жетти. Мелдешке үч миңден ашуун күйөрман күбө болду.

“Алай” командасы 27-февраль күнү Түркмөнстандын Ашхабад шаарында “Ахал” менен жооп иретинде оюн өткөрөт. Эгер ал оюндун жыйынтыгында "Алай" жеңилсе, турнирден четтейт. Эгер утуп алса, АФК кубогуна чыгыш үчүн Тажикстандын "Худжант" клубу менен беттешет. (MdN\ErN)