Президент Баткен облусун кыдырууда (видео)

Баткен.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Баткен облусундагы бир күндүк жумушчу сапары башталды. Ушу тапта президент Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун активи менен жолугушуп жатат.

Андан кийин ал Өтүкчү айылында жаңы ачылып жаткан "Факел" чек ара тозотунун имаратынын ачылышына катышат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

"Факел" тозоту Өзбекстан менен 32 чакырым чек араны кайтарат. Анын 12 чакырымы суу аркылуу өтөт. (JsA)