2018-жылдын жыйынтыгы менен орточо айлыктын өсүшү 3,8 пайызды түзүп, 16 218 сом деп эсептелди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Былтыр ноябрь айында Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы орточо эмгек акынын өлчөмү 15 752 сом (226 доллар) сомду түзгөнүн кабарлаган. 2017-жылы болсо бул көрсөткүч 14 800 сом болчу.
Эл аралык уюмдардын маалыматында 2018-жылы Борбор Азиядан Казакстанда орточо айлык 480 доллар, Түркмөнстанда 320 доллар, Өзбекстанда 235 доллар, Кыргызстанда 220 доллар, Тажикстанда 110 доллар деп эсептелген.
Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Швейцария, Норвегия жана Люксембург турат. Бул мамлекеттерде орточо айлык акы 3,5 миң доллардан көп. АКШда айлык 3 120 доллар, Орусияда 615 доллар. (ErN)
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.