Быйыл картөшкө жылдагыдан аз айдалат

Ысык-Көлдө өстүрүлгөн картөшкө.

Жалпы өлкө боюнча 2019-жылы 81 миң гектар картөшкө эгилет деп эсептелди. Бул тууралуу “Азаттыкка” Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы Максат Ташболотов билдирди.

Анын айтымында, министр коңшу Өзбекстанда сүйлөшүү жүргүзүп келди. Быйыл азыктын бул түрүн коңшу өлкөгө экспорттоо күчөшү күтүлүп жатат.

Былтыр Кыргызстанда 84,4 миң гектар аянтка картөшкө айдалган. Натыйжада жалпы 1500 тонна картөшкө өндүрүлгөн.

2018-жыл 17-августта Өзбекстан сырттан, анын ичинде Кыргызстандан ташылган картөшкөгө тыюу салган. 2-ноябрда гана кайра уруксат берген. Анын алдында өкмөттүн экспорт тууралуу берген убадасына ишенип, картөшкөнү көп айдап алган дыйкандар мээнети акталбай калганына нааразы болуп жатышат.

Былтыр картөшкөнүн дүң баасы 16 сом болсо, быйыл 4,5 сомдон сатылып жатканы кабарланды. Буга байланыштуу айыл чарба министри Нурбек Мурашевдин дарегине сын күчөгөн.

Министрлик Кыргызстандын картөшкөсү кымбат болгондуктан өзбекстандык ишкерлер сатып албай койгонун билдирген. (ErN)