Өкмөт коррупцияга каршы бирдиктүү орган түзүүнү пландап жатат

Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт коррупцияга каршы саясат жүргүзүүчү бирдиктүү орган түзүүнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөттүн “Мамлекеттик органдардын 2019-2021-жылдарга карата коррупцияга каршы чараларын ишке ашыруу боюнча иш пландарын бекитүү” токтомунун долбоорунда айтылат.

Документ коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча институттардын ишин бекемдөө, коррупциянын себептерине системалуу түрдө көңүл бөлүү жана аны менен күрөшүүдө мамлекеттик, жергиликтүү органдарды бириктирүү максатын көздөйт.

Иш-чаралардын планында атайын мекеме түзүү 2019-жылдын декабрь айы деп көрсөтүлүп турат.

Ушул убакытта Кыргызстанда коррупцияны жоготуу багытында негизинен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөш кызматы иш алып барат. Мындан сырткары Башкы прокуратура, Финансы полициясы жана ИИМ да иш жүргүзөт. (ErN)