Эл аралык трафик уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Алар "Альфа Телеком" же "Мегакомго" эл аралык трафикти мыйзамсыз жеткирип жүрүшкөнү УКМК «Альфа Телеком» мамлекеттик байланыш операторунун коопсуздук кызматы менен чогуу жүргүзгөн иш-чаранын алкагында аныкталды. УКМКнын маалыматы боюнча, тергөө иштеринин жүрүшүндө бул мыйзамсыз ишти уюштурган үч киши: У.М.М., У.Б.К, А.Б.А, жана аларга тиешеси бар деген шек менен «АльфаТелекомдун» кызматкери Н.О.Т кармалды. Алар атайын жабдыктарды жана абоненттик номерлерди колдонуу менен бир нече ай бою жергиликтүү байланыш операторлордун трафигин мыйзамсыз колдонуп, эл аралык байланышты камсыз кылып келишкен.

Сотко чейинки териштирүүнүн негизинде Бишкек шаарынын 4 жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 4 даана атайын GSM жабдыктары, 5 даана SIMBOX, "Альфа-Телеком" жана «Скаймобайл» компанияларына тийиштүү 3 миңдей сим-карталар табылган.

Азыркы убакта «Альфа-Телеком» жана «Скаймобайл» ЖАК тарткан зыяндын өлчөмү такталып жатат. (ZKo)