Эл аралык көкбөрү ассоциациясы тайказандан баш тартты

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.

14-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Дүйнөлүк көкпар (көкбөрү) ассоциациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр бир добуш менен тайказандан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алышты.

Конгресске Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, Ооганстан болуп тогуз өлкө катышты. Жыйынга Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынан өкүлдөр барган жок.

Натыйжада жыйынга катышкан тогуз өлкөнүн сегизинин макулдугу менен эл аралык турнирлер мындан ары Казакстан сунуш кылган көкпар эрежелери боюнча тайказаны жок, улактын ордуна муляж менен ойной турганын Казакстандын Улуттук спорттун түрлөрү боюнча ассоциациясынын президенти Бекболат Тлеухан айтып өттү:

- Биринчиден, тайказанга кыргыз менен казактан башка эч ким көнбөй койду. Экинчиден, башка өлкөлөр үчүн тайказанга ойноо чындыгында кыйын болуп жатат. Аны менен кошо минип жүргөн атка да абдан оор болууда. Канчалаган жигиттер тайказандын айынан башы жарылып, моюну үзүлүп, майып болуп калып жатат.

Добуш берүүдө Орусия тарап жаңы эрежелер боюнча позициясын билдирген жок.

Эл аралык көкбөрү федерациясы буга чейин оюндун эрежелерин, анын ичинде тайказан маселесин Бишкекте жана Ташкентте өткөн конгрессте талкуулап, орток пикирге келе албай койгон. (SDz)