Орусия Кыргызстандан эт жана эт азыктарын алып кирүүгө уруксат берди

Базардагы эт. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы Кыргызстанда эпизоотикалык абал жакшырганына байланыштуу эт жана эт азыктарын алып кирүү боюнча мурда салынган чектөөсүн 11-февралдан тартып алып салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын басма сөз катчысы Рахат Садырбекова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бул эки тараптуу көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жана өлкөдө эпизоотикалык абалдын жөнгө салынуусу менен ишке ашты.

- Убактылуу чектөөнүн алынышы менен Кыргызстанда өндүрүлгөн чийки эт жана эт азыктары ЕАЭБ өлкөлөрүндө жана Орусияда сатылышына шарт түзүлдү. Бул өз кезегинде кыргызстандык ишканалардын жана фермерлердин эт экспорттоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.

Рахат Садырбекова Ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекция кыргызстандык ишкерлердин чийки азыктарды экспорттоого мүмкүнчүлүк алышына жакшы шарт түзүп берүүгө аракеттенип жатканын кошумчалады.

Маалыматтарга ылайык, акыркы үч жылда Кыргызстанда малдын ылаңы катталган учурлар болгон эмес.

2007-жылы Орусия Кыргызстандан эт жана эт азыктарын алып кирүүгө чектөө киргизген. Бул чектөө Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон 2012-жылы да алынган эмес. Муну орус бийлиги Кыргызстандагы эпизоотикалык абалдын начардыгы менен байланыштырган. (ZKo)