Чүйдө немис жараны изделүүдө

Вилли Райфшнайдер.

Вилли Райфшнайдер.

Аламүдүн райондук милициясы 1984-жылы туулган Вилли Райфшнайдерге издөө жарыялады. Анын Германиядагы туугандары дайынсыз жоголгон уулун табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, милицияга кайрылган.

Вилли Райфшнайдер 2016-жылдан 2018-жылга чейин Бишкекте жашаган. Жакындары менен акыркы жолу 2018-жылы ноябрда байланышкан боюнча дайынсыз. Акыркы жашаган жери Аламүдүн районунун Лебединовка айылы болгон.

Милициянын маалыматы боюнча, Виллинин бою 165-170 см, арык чырай, кара чачтары далысына түшүп турган.