Мамлекеттик карызды тейлөөгө 2018-жылы 23 млрд. 741,3 млн. сом жумшалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Марлен Амандыков басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, бул сумманын ичинен 7 млрд. 76,4 млн. сом пайыздарды, 16 млрд. 664,9 млн. сом негизги карызды төлөөгө сарпталды.

Ал эми бюджеттик мекемелерде айлык акы кечиктирилип жатканынын себебин Борбордук казыналыктын жетекчисинин орун басары жаңы система киргизилип жатканы менен байланыштырды:

- Бизде маселен электрондук кол тамга системасы кирип жатат. 2019-жылга жалпы сметаны бекитүү жүрүп жатканына да байланыштуу кармалууда. Кээ бир райондордо балким айрым тейлөө маселесинен улам кармалып жатышы мүмкүн. Бирок биз каражаттардын баарын котордук, маселе чечилиши керек, - деди ал.

Финансы министрлиги буга чейин мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктары толук которулганын, пенсия, жөлөкпул сыяктуу социалдык төлөмдөр да толугу менен Социалдык фондго төлөнүп берилгенин билдирген.

Ушул тапта айрым бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер жыл башынан бери айлыгы кечиктирилип жатканына нааразылыгын билдиришүүдө. (ErN/ZKo)