12-февралда Түндүк Кипрдин Жакынкы Чыгыш университетинде Юристанбек Шыгаевдин, Жылкычы Жакыповдун, Талант Огобаевдин жана Рахат Итикеевдин эмгектери көргөзмөгө коюлду.
Ачылышка бул өлкөнүн билим берүү жана маданият министри Жемал Өзйигит жана расмий өкүлдөр катышты. Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн алтымыштан ашык эмгеги Түндүк Кипрдин Көркөм өнөр музейине белекке берилди.
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн темасы негизинен Кыргызстандын нукура баалуулуктарын камтыйт.
Көргөзмө 1-мартка чейин уланат. Расмий эмес маалыматтар боюнча, Кипрдин түндүк аймагында бир жарым миңден ашуун кыргызстандык жаран эмгектенет. Билим алган студенттер менен катар, тейлөө тармагында, казинолордо, ресторандарда иштеп жаткан кыргызстандыктар бар экени айтылат. (ElB)