Гуайдо Венесуэлага гумжардам келерин билдирди

Хуан Гуайдо Каракаста тарапкерлеринин алдында сүйлөп жатат. 12-февраль, 2019-жыл.

Өткөн айдын этегинде өзүн «утурумдук президент» жарыялаган парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо Каракаста тарапкерлеринин алдына чыгып, өлкөгө гуманитардык жардам 23-февралда жеткирилерин билдирди.

“Кандай болгон күндө да гуманитардык жардам Венесуэлага келет. Бийликти өз колуна топтоп алган Мадуро өлкөдөн кетиши керек. Венесуэла тирандан биринчи жолу арылып жаткан жок”, – деди Гуайдо.

Саясатчы белгилегендей, бийлик гуманитардык жүктү жеткирүүгө тоскоолдук кылышы мүмкүн.

Жүз миңдеген ыктыярчы элге эң зарыл нерселерди таратып берүүгө кол кабыш кылууга даяр экенин билдирди.

Бир нече күн мурун Венесуэла армиясы Колумбия тараптан гуманитардык жардам ташып келаткан кербенди өткөрбөй койгон. Азык-түлүк, дары-дармек жүктөлгөн оор машинелер, цистерналар чек арадан өтүүгө уруксат ала албай топтолуп калышкан.

Мунайга эң бай өлкөлөрдүн бири Венесуэлада көп жылдардан бери каатчылык өкүм сүрүп келатат. Гиперинфляция, өндүрүштүн токтоп турушу, массалык миграция саясий кризистен улам ого бетер күчөшү күтүлүүдө.