Ошто мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үй бузулат

Оштогу Ленин 351 дарегиндеги курулуш.

Ош шаарынын Ленин көчөсүнө мыйзамсыз курулган курулушту сүрдүрүү боюнча арыз менен шаардык прокуратура 7-февралда сотко кайрылды. Ош шаардык прокуратурасы бир катар текшерүүлөрдөн кийин Ленин көчөсү-351 дарегиндеги курулушту мыйзамсыз деп тапты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, шаардык көзөмөл органы курулуш жана архитектура башкармалыгына ар кайсы курулуштарды тургузууга уруксат берүүнү токтотуу тууралуу эскертти. Мындан тышкары, мекеме 31-январда "Эмаком" курулуш компаниясынын жетекчилигине шаарда мыйзамсыз курулуштарды салганы үчүн кылмыш ишин козгогон.

Ленин көчөсү-351 дарегинде учурда көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. (MdN)