Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айылында 12-февралда кампа жана гараж өрттөнгөн. Өрт өчүрүлгөндөн кийин анын ичинен 2017-жылы, 2009-жылы төрөлгөн балдардын жана 1985-жылы туулган аялдын өлүгү табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда өрттүн себептери такталууда.
- Таш-Дөбөдө кампа жана гараж күйүп жатканы тууралуу маалымат 12-февралда саат 15:15те маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр маалымат түшкөндөн кийин 15 мүнөттүн ичинде барышкан. Өрт эки сааттан кийин толук өчүрүлгөн, ошондон кийин ичинен үч кишинин сөөгү табылган, - деди ал.
Шерипованын айтуусунда, учурда адам өлүмүнүн себептери да аныкталууда.