Караколдо мектеп окуучусун өлтүрүү боюнча шектүүлөр кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Караколдо мектеп окуучусун өлтүргөндөр кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, Каракол шаардык милициясы менен Ысык-Көл облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринен түзүлгөн ыкчам топ кылмышка шектүү адамдарды аныктап, колго түшүргөн.

Маркум менен шектүүлөр бир мектепте окуп жатышкан. Шектүү катары 16-19 жаштардагы сегиз бала кармалды. Алгачкы тергөө иштеринде белгилүү болгондой, маркум менен шектүүлөрдүн ортосунда пикир келишпестик болгон. Өч алуу максатында кылмышка шектелип жаткан балдар маркумду түнкүсүн үйүнөн чакырып чыгып, таяк менен сабашкан.

12-февраль күнү болжол менен саат 8.23 чамасында Каракол ШИИБине автоунаа базарынын жанынан жигиттин өлүгү табылганы тууралуу милицияга кабар түшкөн. Анын тек-жайы аныкталып, ал Каракол шаарынын 18 жаштагы тургуну, шаардагы №5 орто мектепте 11-класстын окуучусу экени белгилүү болгон.

Бул факт Каракол шаардык милициясында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүш башталган жана ошондой эле маркум эмне себептен каза болгонун аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. (AsM)