Исаков: Коррупциялык иштерди иликтеш керек

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Журналисттик иликтөөлөр фонду уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын быйылкы жеңүүчүсү аныкталды. Фонддун Байкоочу кеңешинин чечимине ылайык, бул сыйлык 34 жаштагы Ыдырыс Исаковго ыйгарылды. Исаков 2008-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 2011-жылдан 2013-жылга чейин "Ынтымак" телерадиокомпаниясында эмгектенген. Исаков алты жылдан бери «Азаттыктын» Ош облусундагы кабарчысы болуп иштеп келатат. Исаков журналисттик иликтөөлөр жөнүндө пикири менен бөлүштү.