Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын (УКК) төрагалыгынан кеткен Ихтиёр Абдуллаевге каршы кылмыш иши козголгону кабарланды. Бир жылдан ашуун өлкөнүн башкы чекисти болгон Абдуллаевге 8-февралда "Паракорлук" жана "Коррупция" беренелери менен иш козголгонун өкмөттөгү маалымат булактары "Азаттыктын" өзбек кызматына билдиришти. Алардын айтымында, соңку эки күндө Өзбекстанда атайын кызматтын жүзгө жакын өкүлү камакка алынган.
Бирок Өзбекстандын Башкы прокуратурасы бул тууралуу маалыматы жок экенин айтуу менен чектелди. 11-февралда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы ден соолугуна байланыштуу иштен кеткенин айткан болчу.
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун ордун баскан Мирзиёев атайын кызматтын жетекчилигине коргоо министри Абдусалом Азизовду дайындады.
Өткөн жумада Мирзиеёв кудасы Батыр Турсуновду Улуттук коопсуздук кызматынын биринчи орун басарлыгына дайындаганы тууралуу кабар тараган.