Кадамжайда эл аралык издөөдө жүргөн өзбек жараны кармалды

Кармалган жарандын паспорту. Сүрөт Баткен ИИБине таандык.

Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Өзбекстанда алдамчылык фактысы боюнча айыпталып, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн жаран кармалды. Өзбекстандын Фергана облусунун Кува аймагында туулган 34 жаштагы Сайидов Уткир Махаматович Кадамжай районунун Халмион айылынан кармалган. Ал өзбек милициясы тарабынан 2017-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн. Учурда анын үстүнөн керектүү маалыматтар жыйналып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен облустук ИИБинин басма сөз катчысы Дамира Юсупова "Азаттык" радиосуна билдирди.

Облустук милициянын маалыматы боюнча коңшулаш эки мамлекеттин ортосундагы милиция кызматкерлеринин мамилесин бекемдөөнүн жана алардын чогуу иш алып барышынын натыйжасында буга чейин да Кадамжай РИИБнин кызматкерлери тарабынан оор кылмыштардын бети ачылып жүргөн. (MdN)