Бишкекте “саясий туткундардын” маселеси талкууланат

Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев жана Бектур Асанов. Иллюстрациялык коллаж.

Бүгүн, Бишкекте коомдук, саясий жана мекенчил күчтөр экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда камалган саясатчылардын маселесин талкуулайт.

Уюштуруучулар жаңы жагдайларга байланыштуу иштер кайра каралышы керек деп эсептешет жана "бул багытта өз алдынча чечим кабыл ала албай жатат" деп Башкы прокуратураны сындап жатышат.

Мурдагы бийликтин тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо маселеси былтыр 24-ноябрда өткөн курултайда көтөрүлүп, резолюцияга киргизилген. Бүгүн, 12-февралдагы жыйында анын аткарылышы талкууланат. Ага саясатчылардын адвокаттары, прокуратура органдарынын өкүлдөрү чакырылган. Бул тууралуу Курултайдын чечимдерин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Бусурманкулов “Азаттык” радиосуна билдирди.

“Саясий туткундарды коргоо комитети" аттуу өкмөттүк эмес уюмдун маалыматына караганда, ушу тапта саясий негизде куугунтукталган деп эсептелген жарандардын саны 30дан ашат. Президент Сооронбай Жээнбеков бийликке жаңы келген айларда комиссия түзүлүп, отуздан ашык киши саясий буйруктун курмандыгы болгону аныкталса, аларга карата сот чечимдери кайра каралышы мүмкүн экени айтылган. Бирок бул маселе көтөрүлбөй, иштердин басымдуу бөлүгү карала элек.

Кыргызстанда учурда Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров баштаган бир катар саясатчылар түрмөдө отурат. Аларга коррупция, бийликти басып алуу сыяктуу айыптар тагылган. Соттолгондордун баары сот чечимдерин саясий буюртма катары баалашат. (КЕ)