Өкмөт кыйноодон каза болгон адамга 200 миң сом төлөп бериши керек

Иллюстрациялык сүрөт.

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 11-февралда Бишкек шаардык сотунда милицияда кыйноонун айынан каза болгон Турдубек Акматовга байланыштуу отурум өтөт. Бул тууралуу жабырлануучу тараптын жактоочусу Сардор Абдухалилов маалымдады.

2018-жылдын 16-октябрында Биринчи май райондук соту "Турдубек Акматов милициянын кыйноосунан кийин каза болгон" деген чечим чыгарып, өкмөттү маркумдун жакындарына 200 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок Финансы министрлиги Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой, жогорку инстанцияга апелляциялык арыз менен кайрылган.

Ошол эле учурда маркумдун жакындары да сот чечкен кенемтенин суммасына байланыштуу апелляциялык арыз беришкен. Жабырлануучу тараптын адвокаты Сардор Абдухалилов айтымында, окуя 2004-жылы Өзгөн районунун Мырзаке айылында болгон. Турдубек Акматов өлүмүнө байланыштуу бир да милиция кызматкери жоопко тартылган эмес.

Буга чейин Кыйноого каршы коалиция соңку эки жылда Кыргызстанда 1140 адам кыйноого кабылганын билдирген. Даттангандардын ичинен 1076сы же 94,4% милиция кызматкерлеринен зомбулук көргөнүн белгилешкен. (TSh)