Гилменд провинциясында абадан урулган соккудан бери дегенде 21 киши мерт болду. Алардын арасында аялдар жана балдар бар. Гилменддин сенатору Мохаммад Хашим Алкозайдын 10-февралда айтканына караганда, эки күн мурда Сангин районунда НАТО колдогон ооган аскерлери менен "Талибандын" согушкерлери ортосунда кагылышуу болду.
"Бейкүнөө адамдар, аялдар жана балдар абадан урулган соккунун курмандыгы болду”, - деген Алкозай 13 киши биринчи соккудан, калгандары экинчи жолкусунда мүрт кеткенин белгиледи.
Ооган күчтөрү өлкөнүн дээрлик жарымына таасир этип, коопсуздук күчтөрүнө кол салып келаткан талибдер менен күрөшүүдө. 24-январдагы соккудан 16 киши мүрт кеткен. Алардын арасында сегиз бала, үч аял болгон.