Жалал-Абадда ишкер негиздеген алгачкы логистикалык борбор иштей баштады

Жеке логистикалык борбор

Жалал-Абад шаарында мөмө жемиштерди жана жашылчаларды сактаган логистикалык борбор иштей баштады. 9-февралда Жалал-Абаддагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү борбордун иши менен таанышып чыгышты.

Ар бири 100 тонналык төрт камерадан турган логистикалык борбор “Абил” ЖКЧсы тарабынан курулган.

Логистикалык борбордо азыр 15 тонна капуста, 80 тонна картошка жана 40 тонна алма сакталууда. Бул жай өткөн жылы Кытай жана Өзбекстан ишкерлеринин колдоосунун алкагында 110 миң долларга курулган.

- Логистикалык борборлор электр энергиясын коммерциялык баа менен жогорку тарифте төлөшөт. Биз өндүрүштүк ишкана эмеспиз жана экспорт да кылбайбыз. Тариф жагынан жеңилдетүү болбосо, сактоо жайынын иштеп кетүүсү кыйын, - дейт анын жетекчиси Гүлназ Эргешова.

Бул багытта Жалал-Абаддагы жаш ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү өкмөткө жана Жогорку Кеңештин комитетине кайрыла турган болушту. (RsK)