"Коопсуз шаар" 12-февралдан тартып иштей баштайт

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү даярдыгын текшерди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөт башчы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барды.

Мониторинг борбору "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында аппараттык-программалык комплекс аркылуу аныкталган жол кыймылынын эрежелерин бузуу материалдарын иштеп чыгуу менен алектенет. Андан соң тийиштүү кагаздар "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу автоунаа каражаттарынын ээлеринин катталган дарегине жеткирилет.

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын Мониторинг борбору

- 12-февралдан баштап аппараттык-программалык комплекстерди, мониторинг борборун, ошондой эле бузууларды каттоону ишке киргизүү кажет. Аныктоо, каттоо, жеткирүү жана айып пулдарды төлөөнүн бардык механизмдери так иштеп, жарандар үчүн түшүнүктүү жана ыңгайлуу болушу керек, - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымат технологиялары жана байланыш комитети 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштарын билдирген. Камералар жол коопсуздугундагы жети эреже бузууну аныктайт.

1.Светофордун тийиштүү чырагына баш ийбөө;

2. Карама-каршы тилкеге чыгуу;

3. Жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо;

4. Светофордун токтотуу белгисиндеги өтүү;

5. Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерин сактабоо;

6. Ылдамдыкты чектен ашыруу.

7. Автоунаа токтотуучу жерлердин, аялдамалардагы талаптарды бузуу. (KR)