Украинадагы президенттик шайлоого 44 талапкер ат салышат

Юлия Тимошенконун жана Петро Порошенконун президенттик шайлоого карата илинген үгүт кагаздары.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы ушул жылдын март айында өтө турган президенттик шайлоого 44 талапкер катыша турганын жарыялады.

Азыркы президент Петро Порошенко өз талапкерлигин экинчи ирет коюп, Украинанын Европа Биримдиги менен НАТОго болгон интеграциясын илгерилете турганын убада кылууда. Жакын арада эле жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй 31-мартка мерчемделген президенттик шайлоодо Петро Порошенконун эң эле күчтүү атаандаштары Юлия Тимошенко жана куудул Владимир Зеленский болмокчу.

Өлкөдөгү эң бай делген саясатчы, 53 жаштагы Петро Порошенко бийликке 2014-жылкы Майдан окуясынан кийин келген. Анда Европага жан тарткандар Киевдин борбор аянты Майданга чогулуп, Москвага ыктаган президент Виктор Януковичти тактан түшүргөн.

Порошенконун атаандашы Юлия Тимошенко 58 жашта. Украинадагы 2004-жылкы революциянын лидери 2014-жылы да президенттикке өз талапкерлигин коюп, бирок Порошенкого утулуп калган. (KR)