Украинадагы шайлоодо куудул Зеленский рейтингде биринчи орунга чыкты

Украиналык куудул Владимир Зеленский

Украинадагы эки абройлуу социологиялык кызмат өткөн жумада изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын жарыялап, президенттикке ат салышууда куудул Владимир Зеленский Петро Порошенкону менен Юлия Тимошенкодон озуп чыкканын жырыялады.

Президенттик шайлоого катышарын Зеленский 2018-жылы 31-декабрда билдирген. Анда ал президенттин кайрылуусунун видео түрүндө даярдаган.

Орусияда Владимир Зеленский "95-квартал" деп аталган стендаптын негиздөөчүсү жана башка бир катар телесериалдардын продюсери катары белгилүү.

Украинанын өзүндө Зеленскийди ар тараптуу кабылдашып, анын айланасында кызуу талкуулар уланууда. Бири куудулду ири бизнесмен Игорь Коломойскийдин кишиси деп болжосо, башкалары Зеленский жөн эле "Элдин кулу" ("Слуга народа" - ред.) деген ат менен белгилүү телепрограммасынын кезектеги сезонун жарнамалоо аракетин көрүүдө деген ойдо.

Украинанын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 31-мартта өтчү президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга белсенгендердин арызын кабыл алып бүттү. 83 киши шайлоого катышууга арыз берди.

4-февралда БШК билдиргендей, 28 кишинин талапкерлиги катталды, 22 киши каттоодон өтпөй калды. Ушул тапта 33 кишинин документтери каралып жатат. БШК 9-февралга кечикпей талапкерлердин расмий тизмесин жарыялашы керек.

Талапкерлердин арасында учурдагы президент Петро Порошенко, мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко, куудул Владимир Зеленский бар.