Януковичти Орусиядагы мамлекеттик күзөтчүлөр кайтарат

Виктор Янукович.

Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке Орусиянын президенти Владимир Путиндин чечими менен мамлекеттик күзөтчүлөр берилди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Ошол эле учурда ал Янукович эч кандай юридикалык статуска ээ эмес экенин да тактады. Мурдагы украин президенти азыр Орусиянын аймагында жашайт.

Быйыл январда Киевдеги сот Януковичти "мамлекетке чыккынчылык кылды, агрессивдүү согушка көмөкчү болду" деп айыптап, 13 жылга сыртынан кескен. Орусиянын Башкы прокуратурасы "экс-президент саясий куугунтукка кабылды" деп жүйө келтирип, Украина тараптын аны өткөрүп берүү тууралуу өтүнүчүн четке каккан.

Украин прокуратурасы Януковичке байланыштуу башка да бир нече кылмыш иштерин иликтөөдө. Анын ичинде кылмыш тобун түзүүгө жана Майдан окуяларындагы ондогон адамдардын өлүмүнө байланыштуу айыптоолор бар.

Янукович жумалап созулган элдик толкундоонун акыркы күндөрү, 2014-жылы февралда Орусияга өтө качкан.