Кыргызстандын аймагында 9-февралда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6,
Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2…-7,
Нарын аймагында түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -13…-18 градус болот.
9-февралда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Жолдор тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°,, күндүз 2…4° градуска жетет. (ErN)