Таласта Шыралжын кенинде иштеген киши бир жумадан бери дайынсыз

Талас облусунун кире бериши. Иллюстрациялык сүрөт.

Бакай-Ата районунун 34 жаштагы Рамис Тотонов аттуу тургуну 31-январда иштен чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү милиция ырастады. Аны издөө иштери уланууда.

Эки баланын атасы алтын чыккан жерде эки жарым жылдан бери иштеп келаткан.

Буга чейин Шыралжын кенинде 27 жаштагы жигитти таш басып мерт болгон. Каза болгон адам да Бакай-Ата районунун Оро айыл өкмөтүнүн тургуну болгон.

Аталган кенди "Глобал Шыралжын майнинг" компаниясы иштетет. Анда 300дөй адам эмгектенет. (AlS\ErN)