Макрон коопсуздук боюнча Мүнхен конференциясына барбайт

Меркел менен Макрон.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон коопсуздук боюнча Мүнхен конференциясына катышуудан баш тартты. Иш-чара 15-17-февралда өтөт. "Suddeutsche Zeitung" басылмасы билдиргендей, 16-февралга белгиленген Германия канцлери Ангела Меркелдин Макрон менен жолугушуусу да болбой калды.

Расмий маалыматтар боюнча Макрон иш графигинин тыгыздыгынан жана Франциянын ички маселелерине көңүл буруу зарылдыгынан улам иш-чарага катыша албайт. Ошол эле кезде маалымат каражаттары буга орусиялык “Түндүк агым - 2” газ куурунун курулушуна байланыштуу Париж менен Берлиндин ортосундагы кайчы пикирлер себеп болуп жатканын жазышты.

Бейшембиде Франциянын Тышкы иштер министрлиги Париж “Түндүк агым - 2” долбооруна тиешеси бар европалык газ директивасына киргизилген өзгөртүүлөрдү кубаттоого ниеттенип жатканын тастыктаган.

“Түндүк агым - 2” долбоору Орусиянын газын Германиянын түндүк-чыгыш жээгине Украина менен Польшаны айланып өтүп, Балтика деңизинин түбү аркылуу алып келет. Орусиянын газын Германияга түз жеткире ала турган бул долбоорго Евробиримдиктеги бир нече өлкө жана АКШ караманча каршы.