Бишкек шаарында Чоң Чүй каналынын боюнан ара төрөлгөн ымыркайдын сөөгү табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаева билдирди.
Анын айтымында, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Чүрпөнүн энеси изделип жатат.
Факт Свердлов райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Тергөө иштери уланууда. (ErN)