Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясы (ЖМТРК) каналдын директоруна байланыштуу айрым интернет-сайттарда чыккан макалаларга байланыштуу сотко жана Маалымат каражаттарына каршы арыздарды комиссияга кайрылат.
Алар "Nazar news", "Chyndyk.kg", "Racurs.kg" жана "Mezgil news" сайттары.
ЖМТРКнын кесиптик кошуунунун төрайымы Гүлзина Мөндөеванын “Азаттык” билдиргенине караганда, 5-февралда Интернет басылмаларында "ЖМТРКнын кызматтык автоунаасын директор Союзбек Абдрасулов жең ичинен 20 миң сомго сатып жиберди" деген кабар чыккан.
-1991-жыл чыгарылган “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү кызматтык автоунаа 2010-жылы сатып алынган. Мыйзамга ылайык, кызматтык автоунааны пайдалануунун мөөнөтү - беш жыл. Баланста автоунаа турса жаңысын алууга мыйзам жол бербейт. Ошондуктан Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кат жөнөтүлгөн жана автоунаа сатылган эмес,- деди Мөндөева.
Аталган сайттарга телеканалдын юристи кат жөнөткөн, бирок жооп келе элек.
Кырк чамалуу кызматкери бар ЖМТРК күн сайын 17 саат эфирге чыгат, көрсөтүүлөрү Жалал-Абад, Ош аймактарын камтыйт. (RsK)