Жоокерлер укугун коргоп берүүнү суранып президентке кайрылышат

Аскерде кырсыктан эки колунан ажыраган жоокер.

Аскер бөлүктөрүндө жабыркаган жоокерлер ата-энелери менен, ошондой эле №19 абакта өзүн атып алды деген аскердин апасы 8-февралда басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Алар президенттен Кыргызстандагы жоокерлердин коопсуздугун жеке көзөмөлүнө алууну жана жабыркаган жоокерлердин укуктарын коргоп берүүнү өтүнүшөт.

Алардын укуктарын коргоп келе жаткан "Кылым шамы" өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, жабырланган жоокерлер жана алардын жакындары аскер прокуратурасынын ишине нааразы.

- Бизде армия бирдиктүү эмес, - деди ал. - Куралдуу күчтөр жана аскердик түзүм деп коет. Ал эми биздин түшүнүгүбүздө жалпы эле армия, балдар да 18 жашка чыкканда Мекенге кызмат кылууга - армияга чакырылат. Бирок ӨКМ, түрмө кайтарып кызмат кылган жоокерлер бар, чек арадагы аскерлер бар. Ошондуктан жалпысынан кимге барып арызданууну билишпейт. Аскер соту жоюлуп кеткен. Аскер прокуратурасында, гарнизондордо кызматкерлер жетишпейт. Алар жеткиликтүү иш алып барбай жатат. Ушундан улам жабырланган жоокерлер менен алардын ата-энелери президентке кайрылып, аскер тармагына өзү көзөмөл кылып, болгон кырсыктарды терең иликтөөнү талап кылса дешет.

Азиза Абдирасулованын маалыматы боюнча, былтыр "Кылым шамы" уюмуна аскерден жаракат алган 7, ал эми набыт болгон 5 жоокердин ата-энеси калыстык издеп кайрылган.

Расмий маалыматтарга караганда, өткөн жылы Кыргызстанда ар кайсы аскердик бөлүктөрдөн түрдүү себептер менен беш жоокер каза тапкан. Алардын үчөөнүн гана ата-энесине компенсация төлөнүп берилген. (ZKo)