Ош шаарындагы балдар ооруканасы жаңыланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облус аралык балдар клиникалык ооруканасында капиталдык оңдоп-түзөө иштери былтыркы "Аймактарды өнүктүрүү жылынын” алкагында жүргүзүлдү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, оорукананын операция жасоочу бөлүмү, жандандыруу бөлүмү, сыныктар жана ортопедия, тамак-аш даярдоочу жана таштандыны жок кылуучу бөлүмдөрү оңдолду.

Андан сырткары кабыл алуу бөлүмүнө кайрылган жарандар үчүн атайын күтүү залы кеңейтилди.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогоруда аталган бөлүмдөрдө бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, жаңы техникалык жабдуулар алынды. Наркоз аппараты, гастроскоп, риноскоп жабдуулары бейтаптардын айыгышын тездетүүгө өбөлгө түзөт.

Расмий маалымат боюнча, былтыр Ош облус аралык балдар клиникалык ооруканасына 89 360 бейтап бала кайрылган, алардын ичинен 20 885 бала ооруканага жаткырылып дарыланган. 7 265 балага, анын ичинен 2575 операция кечиктирилгис түрдө жасалган. Оорукана 540 орундуу. (MdN)