Адвокат Токтакуновдун Жээнбеков боюнча билдирүүсү иликтенбейт (видео)

Дамир Сагынбаев.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүлбөйт. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Токтакунов парламенттин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Каныбек Иманалиевди, Кожобек Рыспаевди, Курманбек Дыйканбаевди Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча жоопкерчиликке тартууну сунуш кылган.

Адвокат Кытайдын ТВЕА компаниясы менен макулдашууну ратификациялоодо парламенттин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбековдун жана жогоруда аты аталган депутаттардын тийиштүү комитеттерди башкарганы үчүн да жоопкерчилиги бар экенин белгилеген.

Дамир Сагынбаев бул факт иликтенбей турганын, себеби, кылмыш иши токтотулганын белгиледи. Ал 53 томдук чоң көлөмдөгү далилдер топтолгонун, сот органдары тийиштүү чечимди кабыл аларын кошумчалады.

Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев жана башка он чакты аткаминер ЖЭБди модернизациялоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында былтыр кармалышкан. Алар өздөрүнө шалаакылык, жемкорлук боюнча коюлган айыптарды моюнга албай келишүүдө.

386 миллион долларга модернизацияланган ЖЭБ 2018-жылдын 26-январында бузулуп, эл бир жумадай жылуулуксуз калган. Бул авариядан кийин текшерүү жүрүп, каражаттарды максатсыз пайдалануу боюнча кылмыш иштери козголгон. (SE)